• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ноокенде милиция кызматкери дааратканада өзүн-өзү атып, каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Ноокен районунда милиция кызматкери дааратканада өзүн-өзү баш тарабына атып алып, каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда саат 17:30дар чамасында Ноокен районунун күзөт бөлүмүнүн 33 жаштагы Р.Т. аттуу кызматкери дааратканада белгисиз себептерден улам бекитилип берилген “ТТ” 7,62 мм үлгүсүндөгү табелдик ок атуучу куралы менен өзүн-өзү баш тарабына атып алып, окуя болгон жерден каза болгон.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги, Ноокен районунун прокурору жана ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган.

Топтолгон материалдар маалыматтардын электрондук журналы “Өз өмүрүн кыюу” болуп катталып, Ноокен райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий