• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокенде милиция өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Ноокен райондук милициясынын кызматкерлери өспүрүмдөр арасындагы ынтымак, достукту бекемдөөгө багытталган кичи футбол мелдешин өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлайт.

Спорттук таймашка Масы айыл аймагындагы №1 Ж.Бөкөнбаев, №2 С.Ногоева, №3 Р.Алибаев, №29 Я.Мирзахожаев, №25 Кызыл-Туу орто мектептеринин окуучулары катышты.

Спорттук таймаштын башталышында Ноокен райондук милициясынын башчысынын орун басары Азамат Тагаев сөз сүйлөп, мектеп окуучуларын коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырып, мекенди жана спортту сүйүүгө үндөдү.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №1 Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин командасы ээлеп, кубок, медаль жана диплом менен сыйланышты. Ал эми 2-орунду №29 Я.Мирзахожаев орто мектеби, 3-орунду №2 С.Ногоева орто мектебинин командалары жеӊип алышты.

Мындан сырткары, жакшы оюн көрсөткөн “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” оюнчулар тандалып, Ноокен РИИБнин дипломдору менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий