• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокенде милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды кабыл алууну улантууда

Аймак 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасында жарандарды кабыл алууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа милиция менен элдин ортосундагы мамилени мындан ары да жакындатууга жана жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алуу үчүн кызмат кылат.

Ноокен РИИБдин кызматкери, милициянын капитаны Замирбек Нарбаевдин уюштуруусу менен 2020-жылдын 9 айында жалпы 74 арыз-даттануу бул унаада кабыл алынып, тиешелүү тараптарга жеткирилген.

Милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу профилактикалык иштер да жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери район аймагындагы алыскы айылдарга чейин барышып, коронавирустун алдын алуу жана сактануу жолдору жарандарга түшүндүрүлүп жатат. Жергиликтүү тургундарга азыркы кырдаал туура багытта жеткирилип, жугуштуу илдеттен коргонуу зарылдыгы эскертилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий