• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокенде “Милициянын жаш досу” сынагы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Ноокенде “Милициянын жаш досу” сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак мектеп окуучулар арасында Ноокен райондук милициясынын Балдар иштери боюнча инспекциясы жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Милициядан белгилешкендей, иш-чаранын максаты - жаш өспүрүмдөрдү патриоттуулукка тарбиялоо, жалпы маданиятты жогорулатуу, жашы жете электердин жана билим берүү мекемелеринин окуучуларынын кароосуздугун жана укук бузууларын алдын алуу боюнча иштерди уюштурууга багытталган.

“Милициянын жаш досу – 2023” сынагына 8 команда катышты. Алар буга чейин айыл акмактык деңгээлде өткөрүлгөн мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген №2, №37, №48, №28, №16, №4, №46, жана №6 мектептердин окуучулары.

Мелдештер төмөнкү сынактар менен өткөрүлдү:

  1. Отряддын саптык даярдыгы.
  2. "Келечектеги укук коргоочу" укуктук даярдыгы.
  3. Дубал газеталардын конкурсу.
  4. Отряддын агитколлективинин мелдеши.
  5. Капитандардын мелдеши "Биздин жоокер бардык жерде жакшы".
  6. Милиция тууралуу мыкты ырга сынак.
  7. МЖД бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө видеороликтерди көрсөтүү.

Жыйынтыгында 1-орунду №48 Матисаков орто мектебинин окуучуларына жеңип алып, диплом, “Милициянын жаш досу – 2023” кубогу, жана баалуу белектер менен сыйланышып, облустук сынакка жолдомо алышты. Ал эми 2-орунга №16 орто мектеби ээ болсо, 3-орунду №37 орто мектебинин окуучулары татыктуу болушту.

Соңунда уюштуруучулар ар бир сынак боюнча мыктыларды аныктап дипломдорду тапшырып, окуучуларга жана мектеп мугалимдерине активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий