• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокенде Nexia унаасы токтоп турган фураны сүзүп, үч адам мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кыла айылында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа жолдун жээгинде токтоп турган Volvo үлгүсүндөгү оор жук ташуучу унаанын артынан келип сүзгөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык күн мурун, 28-ноябрь күнү саат 01:00дөр чамасында орун алып, анын кесепетинен үч адам каза болгон.

Учурда унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү материалдар даярдалды.

Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий