• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокенде окуучу мисте терип жүрүп, 60 метрлик жардан кулап түштү

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.18. /Кабар/. Жалал-Абаддын Ноокен районунда мектеп окуучусу мисте терип жүрүп, жардан кулап түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаарынын 15 жаштагы тургуну Азамат 8-августта классташтары менен бирге Тулку-Жар капчыгайына мисте терүү үчүн кеткен. Кырсык саат 10:00 чамасында болгон. Азамат чалынып кетип 60 метрлик жардан кулап, ошол жерде жан берген.

Азамат тайэне, таятасы менен бирге жашачу, ата-энеси Россияда иштешет.

Пикир

Оставить комментарий