• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ноокенде рейд учурунда ресторанда өтүп жаткан той токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Ноокенде рейд учурунда ресторанда өтүп жаткан той токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылуусун болтурбоо, санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, жарандар көп топтолуучу жайларды текшерүүгө алышты. Санитардык нормаларды сактабай, коомдук жайларда беткабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилди.

Мындан сырткары, 4 коомдук жайга КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси менен протокол түзүлүп, айыппулдар салынды. Буга чейин айыппул салынып, бирок дагы деле мааракелерди кабыл алып жаткан ресторандагы той токтотулду. Учурдагы кырдаалды эске албай алдыда дагы буюртмаларды кабыл алган ресторандын буюртмалары токтолуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

COVID-19 илдети адамдын кызматына, байлыгына карабай жуга тургандыгы, анын алдын алуу санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо экендиги жеткирилди. Илдетти жугузбоого ар бир жаран өзү үчүн кам көрүп, айтылып жаткан медициналык каражаттарды жанына салып жүрүү керектиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий