• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокенде өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Ноокенде өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана ЖКККБ кызматкерлери өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Шайдан жана Масы айыл аймактарында мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, аларга жол эрежелерин сактоо керектиги эскертилди. Жолдо жүрүүдө этият болуп, ар түрдүү кырсыктардан алыс болуу зарылдыгы жеткирилди.

Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан оолак болууга үндөшүп, мыкты билим алууга чакырышты. Жол кырсыктарын алдын алууга багытталган атайын колдонмо баракчалар иштелип чыгып, жашы жете элек өспүрүмдөргө таратылды.

Кылмыштуулукка бөгөт коюу жана жол эрежелерин үйрөтүү багытындагы түшүндүрүү иштери алдыда башка айыл аймактарда дагы улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий