• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокенде сууга түшүү коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. 21-22-июль күндөрү Ноокен райондук милициясы тарабынан район аймагындагы суу кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Шайдан, Арал, Сейдикум, Момбеков, Бүргөндү айылдарындагы сууга түшүүчү жайлар милиция тарабынан көзөмөлгө алынды. Кооптуу аймактарга сууга түшүүгө болбой тургандыгы жергиликтүү тургундарга жеткирилди. Сууга чөгүүлөрдү болтурбоо үчүн ар бир ата-эне өз балдарын кароосуз калтырбай, алардын кайда жүргөнүнөн кабардар болуп туруу керектиги эскертилди.

Милиция кызматкерлери аптаптуу күндөрү сууга түшүүдө этият болуп, табигый кырсыктардан оолак болууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий