• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокендеги рейд учурунда 2 уурулуктун бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү мекеме өкүлдөрү менен биргеликте «Өспүрүм-түн» аталышындагы рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында өспүрүмдөрдүн түнкү убакыттарда себепсиз коомдук жайларда жүргөн учурлары көзөмөлгө алынды.

Жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө жашы жете электер тарабынан жасалган 2 уурулук фактысынын бети ачылды. Ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок түнкү убакытта көчөдө жүргөн 10 өспүрүм аныкталып, тиешелүү жумуштар алып барылды.

Мындан сырткары Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жашоо шарты оор абалда болгон 1 жаш өспүрүм аныкталып, топтолгон материалдар Ноокен райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө жана балдар иши боюнча комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Ошондой эле рейд учурунда 1963-жылы туулган К.Э. аттуу Ноокен районунун тургуну 500 грамм чамасындагы наркотикалык баңгизаты менен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары РИИБдин кызматкерлери тарабынан мал уурулуктардын алдын алуу багытында район аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция жергиликтүү тургундарды өз малын талаага чыгарган учурда да көзөмөлгө алууга чакырышты. Ошондой эле ар күнү малынын санын тактап, түнкү убакыттарда сарайларына көз салып, уурулардан сак болууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий