• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокенде унаа жардан кулап, жубайлар каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кызыл-Кыя айылындагы унаа жолунда "Мерседес Бенц" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жардан сайга кулап кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-октябрда саат 10:00 чамасында болгон.

Окуядан "Мерседес Бенц" унаанын 63 жаштагы айдоочусу жана анын 58 жаштагы жубайы мерт кеткен.

Пикир

Оставить комментарий