• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ноокенде жардан кулаган киши табылды, абалы канааттандырарлык - фото

Аймак 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Ноокен районунун Алаш тоосунда жардан кулаган киши табылды, абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде түнкү саат 23:25 Алаш тоосунда 41 жаштагы эркек киши жардан кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык болгон жерге ӨКМ куткаруучулары барышып, саат 02:40 чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

16-апрель күнү таңкы саат 06:15 издөө иштери улантылып, саат 07:40 куткаруучулар жабырлануучуну табышкан.

Куткаруучулар жардан кулаган жаранды тоодон алып түшүшүп, саат 10:00 туугандарына өткөрүп беришкен, абалы канааттандыраарлык (бутун кокустатып алган).

Пикир

Оставить комментарий