• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ноокенде жол кырсыгынан 2 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Ноокенде жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 538-чакырымында Daewoo Nubira үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (1948-ж.т. К.К. жана 1937-ж.т. К.Б.) жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий