• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокендеги Кара-Үңкүр дарыясынын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүрүүдө (фото)

Аймак 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында 2017-жылдын 13-апрелинде Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Чек айылында КР ӨКМ тарабынан 5000 литр дизелдик күйүүчү май жана 2000 кап бөлүнүп, 2017-жылдын 31-мартынан баштап 10-апрелге чейин айыл аймак тарабына тосулуп жаткан 150м дамбанын 100м аралыгын жеп кеткен. 2017-жылдын 10-апрелге чейинки аткарылган дамбаны бекемдөө иштеринин натыйжасында, кырдаалдын кесепеттери азайтылып, 30га айдоо аянтын жана 150 турак үйдү суу каптоо коркунучунан сакталып калды. КР ӨКМден бөлүнгөн 2000 даана каптын 1300 даанасына кум толтурулуп басылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Дамбанын жээктерин бекемдөө үчүн КР ӨКМнен 1 бульдозер, Сакалды айыл аймагы тарабынан 70 адам жана Өзбек Республикасынан 2 экскаватор жана 2 бульдозер тартылып, азыркы учурда тартылган күчтөр тарабынан калган 700 даана капка кум толтурулуп, дамбанын жээктерин бекемдөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий