• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ноокендик жубайлар үйлөнүү тоюна сарпталуучу каражатты 110 балага мектеп формасын тиктирип берди

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары Ырысбек менен Элсина үйлөнүү тоюна сарпталуучу акча каражатына 110 балага бирдей мектеп формасын тиктирип, өз колдору менен тапшырды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Саамалыкка күбө болгон Ноокен районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков жаш үй-бүлөгө ыраазычылыгын билдирип, бул көрүнүш башкалар үчүн үлгү экендигин билдирди.

«Жаш жубайлар мындай кадам менен ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөөнү максат кылышкан. Бул демилгени Ырысбекке атасы сунуштаган. Жаштар макул болуп, тойго сарпталуучу акчага 110 мектеп формасын тиктирүүнү колго алган», - деди баш имам хатиб.

Ал эми үй ээси Ырысбек Каныбек уулу үлпөт тоюнда бардык каада-салт, үрп-адаттар эске алынып, тойду кайрымдуулук кылуу менен өткөрүү чечимин кабыл алышкандыгын билдирди.

«Элсина экөөбүз ата-энем демилгелеген сунушту четке какпай, колдоону эп көрдүк. Бир нече сааттык оюн-күлкүгө орун бербей, ата-энемдин, туугандарымдын ак батасын алдым», - деди Ырысбек Каныбек уулу.

«Биз жолдошум экөөбүз кичинекей окуучулардын кубанычына ортоктош болууну тандадык. Биз мектеп формасын белек кылган мектепте жолдошум экөөбүз тең билим алган элек. Ушул көз ирмемдер бизди кубанычка бөлөйт», - дейт Элсина.

Пикир

Оставить комментарий