• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ноокендин Достук айылындагы төрт көчөгө асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Достук айыл аймагындагы төрт көчөгө асфальт төлөшдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпы узундугу 1 чакырым, 800 метрди түзгөн Фрунзе 1, Фрунзе 2, Алыкул Осмонов жана Кулатов көчөлөрүндөгү жолго асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.

"Ноокен районунун социалдык–экономикалык өнүктүрүү планына ылайык, Достук айыл аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу, элге шарт түзүү аракеттери колго алынган. Ага ыйлайык, аталган долбоордун 95 пайызы райондун өнүктүрүү фондунан, 5 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 10 млн сомдон ашуун каражат жумшалган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий