• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокендин жашоочулары айыл чарба министри тарабынан жергиликтүү тургун сабалды деген маалыматты төгүндөштү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Ноокен районундагы Сакалды айылынын тургундары айыл чарба министри Нурбек Мукашев тарабынан жергиликтүү тургундун сабалгандыгы тууралуу маалыматты төгүндөштү.

Айыл тургундары Акматжан Орозбаев, Мырзабек Мырзакулов, Мадан Эрмеков жана Абдрашит Осмоновдор билдиргендей, бул маалымат чындыкка туура келбейт.

Turmush.kg басылмасы билдиргендей, чатак Кадыр аттуу тургун менен башка адамдардын ортосунда чыккан. Маалыматка ылайык, бул чатак шайлоого тиешеси жок башка маселеден келип чыккан, Айыл чарба башчысы Нурбек Мурашев чатак болгон учурда ал жерде болгон эмес.

Басылмада маалымдалгандай, бул маалымат президенттикке ат салышып жаткан талапкердин бирине жан тартуу максатында жасалган.

Мурда “Азаттык” радиосу билдиргендей, Ноокен РИИБне арыз түшүп, анда жергиликтүү тургун министр Нурбек Мурашев тарабынан сабалгандыгы айтылган.

Чатактын себеби ич ара пикир келишпестик болушу мүмкүн. Милиция окуяны териштирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий