• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нооруз-2017: Эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Коом 0

Бишкек, 21-март /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта “Ак-Кула” ипподромунда Нооруз майрамына арналган иш-чаралардын алкагында эр эңиш боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу КР мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мелдештерге республиканын аймактарынан 50гө жакын спортчу катышты. Жалпы байге фонду 135 миң сомду түзөт.
Эскерте кетсек, бул турнир Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясы тарабынан өткөрүлүүдө.
Программа боюнча көк бөрү боюнча жарым финал өтөт.
Эр эңиш боюнча мелдештердин жыйынтыктары:
60 кг чейин:
1-орун – Шеримбек уулу Урмат - Нарын облусу
2-орун – Айдарбек уулу Балбай – Нарын облусу
3 -орун - Замир Кадыралиев – Нарын облусу
70 кг чейин:
1-орун – Бактыбек уулу Адилет – Талас облусу
2-орун – Курманбек уулу Эламан – Нарын облусу
3 -орун - Таалайбек уулу Адилет – Нарын облусу
80 кг чейин:
1-орун – Минур уулу Амантур – Талас облусу
2-орун – Абдрасул Сагынбаев – Жалал-Абад облусу
3-орун – Азизбек уулу Даниэль – Ош облусу
90 кг чейин:
1-орун – Марат Алтымышев – Талас облусу
2-орун – Бердибек уулу Ислам – Нарын облусу
3-орун - Марис уулу Бердибек – Чүй облусу
90 кг жогору:
1-орун – Кумуш Кыдыралиев – Талас облусу
2-орун – Нуркан Мамбеталиев – Талас облусу
3 -орун – Бакай Эмилбеков – Жалал-Абад облусу

Пикир

Оставить комментарий