• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нооруз-2019: Көк бөрүнүн финалдык оюнунда "Ынтымак" менен "Достук" беттешет

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Эртең, 21-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюнунда "Ынтымак" менен "Достук" командалары беттешет. Бул тууралуу "Көк бөрү" федерациясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, эртең Жогорку лигадагы жана Биринчи лиганын командаларынын ортосундагы финалдык оюндар өтөт.

Жогорку лигада биринчи орун үчүн "Ынтымак" менен "Достук" командалары таймашат. Алардын оюну саат 13:00дө башталат. Эскерте кетсек, былтыр ушул эле командалар финалдык оюнда беттешип, "Ынтымак" командасы жеңип кеткен.

Ошондой эле эртең Биринчи лигадагы командалардын да финалдык оюндары өтөт. Анда "Келечек" жана "Алкан Ата" командалары беттешет. Алардын оюну саат 10:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий