• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нооруз – 2021: Көк бөрү боюнча жарым финалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 20.03.21. /Кабар/. 20-март күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Биринчи жана Жогорку лиганын командалырынын арасында 3-орун үчүн оюндар өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи лигада «Бакубат Талас» командасы (Талас облусу) 3-орунду ээледи, ал эми Жогорку лиганын коло байгесинин ээси «Сары-Өзөн» командасы аталды.

Мындан тышкары, Жогорку лиганын командаларынын арасында 5- жана 6-орундар үчүн оюндар өттү. «Жаш Күч» командасы (Баткен облусу) атаандаштарын артка калтырып, Жогорку лигада калды. Ал эми 6-орунду ээлеген «Мурас» командасы (Ысык-Көл облусу) Биринчи лигага өттү.

Эртең, 21-мартта, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча финалдык мелдештер өтөт.

20-марттын жыйынтыктары:

3-4 –орунга мелдеш (Биринчи лига);

Бакубат Талас 6:6 Сокулук, буллит эсеп 3:0;

3-4 –орунга мелдеш (Жогорку Лига);

Сары-Өзөн 5:4 Ала-Тоо;

5-6–орунга мелдеш (Жогорку Лига);

Жаш Күч 3:2 Мурас.

21-мартка карата программа:

09:00-10:00 – эр эңиш;

10:00-11:30 – көк бөрү финал, Жети-Өгүз – Кара-Буура (Биринчи лига);

11:30-13:30 – ат чабыш;

13:30-15:00 – салбуурун;

15:00-16:30 – көк бөрү финал, Достук – Ынтымак, (Жогорку лига);

16:30-17:30 – сыйлоо аземи.

Пикир

Оставить комментарий