• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нооруз – 2021: Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүктөрүндө майрамдык иш-чаралар уюштурулду

Коом 0

Бишкек. 21.03.21. /Кабар/. Бүгүнкү Нооруз майрамына карата Куралдуу Күчтөрдүн бардык аскер бөлүктөрүндө майрамдык иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ККнын Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Алсак, Кургактагы аскерлердин 30630 аскер бөлүгүнүн базасында майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Анда "Коопсуздук-2021" машыгуусунда даярдыктарды көрүп жаткан өлкөбүздүн түштүк аймагынын бардык аскер бөлүктөрүнөн чогулган жоокерлерге майрамдык тамак берилип, А. Жайнаков атындагы Баткен облусунун музыкалык драма театрында концерттик программа уюштурулду.

Ушундай эле иш-чара КР КК Улуттук гвардиясында, Аскер институтунда өтүп, "Сүмөлөк” жана кыргыз элинин улуттук тамактары даярдалды. Ошондой эле улуттук оюндар болгон аркан тартыш, ордо, кол күрөш,таяк тартыш, чака чапмай, жоолук таштамай, жаа атмай оюндары өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий