• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нооруз-2023: Ат оюндары жана ат чабыш боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Нооруз майрамына карата ат оюндары жана ат чабыш боюнча финалдык беттештер өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Ат оюндары боюнча:

1-орун Азия жигиттери командасы (250 000 сом);
2-орун КРнын цирк командасы (150 000 сом);
3-орун Скай номан командасы (100 000 сом).

Ат чабыш боюнча:

Бышты жорго
1-орун Чубак Жайлообек уулу (40 000);
2-орун Памир Улан уулу (20 000);
3-орун Абдулазим Дастан уулу (15 000).

Жорго салыш
1-орун Чубак Жайлообек уулу (65 000);
2-орун Аскар Жеңишов (30 000);
3-орун Элдос Таланбеков (15 000).

Кунан чабыш
1-орун Алишер Абдраманов (50 000);
2-орун Ислам Чолпонкулов (30 000);
3-орун Адыш Изаков (20 000).

Аламан байге
1-орун Баэл Айылчиев (85 000);
2-орун Замир Памир уулу (50 000);
3-орун Тариэл (35 000).

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий