• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нооруз-2023: Эр эңиш боюнча финалдык беттештер өтүп, жеңүүчүлөр белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. "Нооруз-2023" майрамына арналган ат оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча финалдык беттештер өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, албандар 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 90 кг жогору салмакта күчүн сынады.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
60 кг
1-орун Азамат Шакир уулу (Чуй облусу);
2-орун Шаршенбек Эркинбек уулу (Ош шаары);
3-орун Нурсейит Айбек уулу (Баткен облусу).
70 кг
1-орун Чолпонбек Темирбек уулу (Нарын облусу);
2-орун Эдил Мырзабек уулу (Жалал-Абад облусу);
3-орун Адис Жыргалбек уулу (Баткен облусу).
80 кг
1-орун Аманбай Шайдин уулу (Ош шаары);
2-орун Арзымат Джумамидинов (Чүй облусу);
3-орун Шерболот Бердибек уулу (Ош облусу).
90 кг
1-орун Темирбек Ибрагимов (Чүй облусу);
2-орун Каныбек Доктурбек уулу (Нарын облусу);
3-орун Эламан Таалайбек уулу (Жалал-Абад).
+90 кг
1-орун Фархат Жумабеков (Чүй облусу);
2-орун Жеңишбек Токтоналы уулу (Нарын);
3-орун Элдияр Акжолтой уулу (Ысык-Көл).
Жалпы байге фонду 400 миң сомду түздү.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий