• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нооруз – 2023: Көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-март күнү Бишкек шаарынын “Аккула” ат майданында “Нооруз - 2023” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев жана күйөрмандар катышты.

Министр өз сөзүндө баардык катышуучуларды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, спортчуларга ийгилик каалады.

“Көк бөрүнү канча көрсөк да, ар бир оюн өзгөчө. Жерде туруп көтөрө албаган салмакты ат жалында көтөрүп, казанга салган жигиттер суктандырбай койбойт. Мына ушундай улуттук оюндарга бай кыргыз маданиятын көрүп ар дайым сыймыктанабыз. Жигиттерибизге ийгилик”, - деди Максүтов.

Белгилей кетсек, мелдешке республиканын баардык аймактарынан келген 37 команда күч сынашууда.
Финалдык беттештер 21-март күнү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий