• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нооруз – 2023: Көк бөрү оюну боюнча бешинчи күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Аккула ат майданында «Нооруз-2023» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин бешинчи күнү жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.

Бешинчи күндүн жыйынтыгы:

"Кетмен-төбө" жана "Ак-Суу" 4:1;
"Кара-Балта" жана "Талас шаары" 3:2;
"Ынтымак" жана "Мурас" 8:4;
"Көк-Жал" жана "Сокулук" 8:4;
"Жаштык" жана "Жети-аке" 5:0 ;
"Намыс" жана "Ысык-Ата" 6:1.

Пикир

Оставить комментарий