• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин бир нече көчөсү жабылат – тизме

Коом 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Бишкекте Нооруз күнү таңкы 6.00 баштап 22.00 чейин бир нече көчө жабыла. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Чүй проспекти Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин тосулат.

Панфилова, Логвиненко көчөлөрү жана Эркиндик бульвары Чуй проспектинен Киев көчөсүнө чейин жабык болот.

Ошондой эле, Киев көчөсүнөн баштап Абдымомуновго чейин Орозбеков, Раззаков, Панфилов көчөлөрү тосулат.

Термечиков көчөсү Гагаринден Лев Толстойго чейин жабылмакчы. Маалым болгондой, "Ак-Кула" ипподромунда ат оюндары жана көк бөрү боюнча финалдык беттештер өтөт.

Буга чейин кабарлангандай, Нооруз майрамына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешет.

Пикир

Оставить комментарий