• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нооруз: Кытайдык кыргыздардын чыгармачылык тобу Бишкекте өз өнөрүн тартуулады – фото

Маданият 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Бишкектеги Нооруз майрамына арналган салтанаттык иш-чарада кытайдык кыргыздардын чыгармачылык тобу өз өнөрүн тартуулады.

Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан келген артисттер "Ала Тоо" аянтындагы жана Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы иш-чарада активдүү катышып, кыргызстандыктарды таң калтырды.

Мындан тышкары бул чыгармачылык топ 22-мартта Кыргыз опера жана балет театрында саат 18:00 концерт берет.

Ал эми 23-мартта Кыргыз Улуттук консерваторияда дагы чоң концерттик программа даярдалган. Башталышы 15:00дө.

Эске салсак, 32 адамдан турган чыгармачылык топ Кыргызстанга 20-мартта келген. Алардын катарында манасчылар, ырчылар, бийчилер бар.

Пикир

Оставить комментарий