• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нооруз майрамын утурлай «Сейтек» балдар борборунда театрлаштырылган көрсөтүү өттү

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Кечээ, 17-мартта Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда КР Тышкы иштер министрлигинин колдоосунда Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпустар үчүн театрлаштырылган көрсөтүү болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Иш-чарага ошондой эле КР экс-тышкы иштер министри Жаңыл Түмөнбаева, Кыргызстандын мурдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Ишенгүл Болжурова, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери, ошондой эле ардактуу элчилер катышты.

Иш-чара Нооруз майрамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна киришинин 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Майрамдык концертте «Сейтек» борборунун балдар чыгармачыл жамааты: «Шаттык», «Дилгир», «Улыбка» элдик үлгүлүү бий ансамблдери, «Ариет», «Каухар» хореографиялык ансамблдери, «Байчечекей» элдик үлгүлүү фольклордук-этнографиялык ансамбли, «Ак-Шоола» жамааты, Бишкектин музыкалык мектептеринин окуучулары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын белгилүү артисттери жана аткаруучулары өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Иш-чаранын таланттуу катышуучулары дүйнөнүн БУУга мүчө-мамлекеттеринин элдеринин кооз бийлерин жана ырларын даярдашты. Ошондой эле конокторго Кыргыз Республикасынын кол өнөрчүлөрүнүн чыгармаларынын көргөзмө-жарманкесин тартууланды.

“Сейтектеги театрлаштырылган көрсөтүү Жер шарыбыздын бардык элдеринин достугунун, биримдигинин жана тилектештигинин майрамы болуп калды жана БУУдагы мүчө-мамлекеттердин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жардам берет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий