• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нооруз майрамына карата даярдыктарга байланыштуу Чүй проспектиси жабылат

Коом 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Нооруз майрамына карата даярдык көрүлүп жаткандыктан Чүй проспектиси 18-19-март күндөрү кечки маал жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин саат 17:00-20:00 аралыгында жабык болот.

Мындан улам, шаар бийлиги ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жол тыгыны болбошу үчүн алдын ала башка жолду белгилеп алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий