• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноорузга карата Бишкек жана Ошто ат оюндары өтөт

Спорт 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Борбор калаадагы Ак-Кула ат майданында Нооруз майрамына карата ат оюндары өтөт. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Эртеңден тарта стадиондо спорттун улуттук түрлөрү боюнча беттештер өтөт: көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш. Ошондой эле турнир Ош шаарында да өткөрүлөт.

Иш-чара саат 09:30да башталат.

Бишкекте байге фонду 1 миллион 450 миң сом, Ошто болсо - 400 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий