• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Норвегияда Чыңгыз Айтматовдун китептери абдан белгилүү

Маданият 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Норвегияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун китептери абдан белгилүү. Бул тууралуу КР атамекендик өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтуусунда, норвегиялык окурмандар Айтматовдун “Жамийла”, “Кылым карытар бир күн” жана “Кыямат” аттуу чыгармаларын жакшы билишет жана эстеринде.

Норвегия тилине жазуучунун 1976-жылы “Фудзиядамагы кадыр түн” аттуу китеби жарык көргөн.

Китеп сүйүүчүлөрү үчүн https://bokelskere.no/ шилтемеге кирип, Айтматовдун китептерин табууга болот.

Эске сала кетсек, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун 35-жыйынында 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий