• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нотариалдык документтердин Бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Нотариалдык документтердин Бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн Тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухеммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 81-беренесин ишке ашыруу максатында жана «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Электрондук колтамга жөнүндө», «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын нотариат системасына маалымат технологияларын киргизүү электрондук нотариалдык өндүрүштү киргизүүнүн эсебинен коомдо укуктук мамилелердин туруктуулугун камсыздоо үчүн киргизилүүдө.

Нотариалдык документтердин базасын киргизүү менен башка мамлекеттик маалымат тутумдарынан маалыматты алууга жана берүүгө, өз ара аракеттешүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул тартип нотариалдык аракеттерди каттоонун электрондук реестрин, мурас иштеринин реестрин жүргүзүүнүн эрежесин аныктайт.

Тартипте электрондук тутумдун менчик ээси жана оператору болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги саналат деп каралган, анткени нотариалдык иш жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-милдеттерди камсыз кылган мамлекеттик орган болуп саналат.

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасы нотариустардын бардык нотариалдык иш-аракеттердин электрондук түрдө жүргүзүлүүсүнө жана документтердин жасалмалуулугун саналуу секунддардын ичинде аныктоо мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүүсүнө, мамлекеттик дагы, жеке менчик дагы нотариустардын ишинин ачыктыгын камсыздоого багытталган.

Бул системанын ишке кирүүсү менен нотариустардын мыйзамсыз жана туура эмес иш аракеттери жокко чыгарылат. Система кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө байланыштуу жасалган иш-аракеттердеги кылмыштардын санын азайтат, ошондой эле нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышындагы көзөмөлдү жогорулатат. Ишмердүүлүктүн ачык болушу, бир четинен нотариалдык аракеттердин сырдуулугун ишенимдүү камсыз кылат, экинчи жагынан жалпы нотариат системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий