• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй районунда 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.23./Кабар/. Чүй районундагы Калыгул айылында Т. Онолбаев атындагы жаңы мектептин салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп 150 окуучуга ылайыкталган, спорт залы жана ашкана бар. Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Долбоордо пандус дагы каралган.

Пикир

Оставить комментарий