• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков: 2021-жылы негизги күч-аракеттер экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталат

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Экономикалык процесстерди турукташтыруу жана экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Бул туурасында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Кыргыз Республиканын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республиканын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

«2021-жыл жалпыбыз үчүн маанилүү жыл болуп калат. Экономикалык процесстерди турукташтыруу максатында Экономиканы стабилдештирүү боюнча кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы бекитилген, анын аткарылышы экономикалык активдүүлүктү, бизнеске колдоо көрсөтүүнү, экспорттук өндүрүштү өнүктүрүүнү камсыздайт. Натыйжада, 2021-жылы негизги күч-аракет бизнести колдоого алуунун дем берүүчү механизмдерин, тийиштүү инфраструктураны түзүүгө, ашыкча административдик тоскоолдуктарды четтетүүгө, салыктарды башкаруу ыкмаларын жана мамилелерин өзгөртүүгө, укук коргоо (көзөмөлдөөчү), сот органдары жана бизнес аралык мамилени натыйжалуу түзүүгө багытталат. Биз аталган чаралар пландаштырылып жаткан экономикалык өсүш темпинин 5% кем эмес өсүүсүнө жетүүгө түрткү берет деп ишенебиз», - деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу экономикалык өнүгүүнүн туруктуу базасын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканы стимулдаштыруу боюнча бир катар программаларды жана долбоорлорду (экспортко багытталган ишканаларды колдоо үчүн финансылык механизмдерди киргизүү; кластердик өндүрүш чынжырларын ишке ашыруу; лизинг механизмдерин киргизүү; аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын региондордун экономикалык жигердүүлүгүнө дем берүү үчүн багыттоо) активдүү түрдө ишке ашыра тургандыгын билдирди.

«Келерки жылы салык жана бажы жол-жоболорун мындан ары карай санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бизнестин ишин жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерди колдоо менен катар эле, көмүскө экономикага каршы натыйжалуу күрөшүү бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылууга жана социалдык милдеттенмелерди аткарууга мүмкүндүк берет», - деди Артем Новиков.

Маалымдама: 2021-жылы ИДПнын өсүшү 635,0 миллиард сом деңгээлинде болоору күтүлүүдө. Ал эми ИДПнын реалдуу өсүш темпи 5,0% дан төмөн эмес болушу божолдонууда.

Киреше 163,0 миллиард сом деңгээлинде пландаштырылган жана 2020-жылга салыштырмалуу 25,9 миллиард сомго көбөйөт.

Чыгымдар 170,1 миллиард сомду түзөт жана 2020-жылга салыштырмалуу 2,7 миллиард сомго азаят

Пикир

Оставить комментарий