• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Новиков: Азырынча мектеп, бала бакчалардын толук иштөөсү тууралуу айтууга эрте

Өкмөт 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдардын пневмония оорусуна чалдыгуусуна байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Артем Новиков белгилегендей, балдардын пневмония, курч респиратордук вирустук инфекция жана Кавасаки синдрому менен оорусуна байланыштуу түзүлүп жаткан кырдаал коомчулукта кооптонууну пайда кылууда.

Ал тийиштүү органдардын 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлгө алуу боюнча иш-чаралар планы жоктугун сынга алды.

«14 жашка чейинки балдардын бирдиктүү маалыматтык медициналык базасын түзүү жана курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын күнүмдүк эсебин жүргүзүү зарыл. Бардык билим берүү мекемелери, менчик формасынан көзкарандысыз түрдө ар бир бала боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип туруусу керек. Учурда мектепке чейинки мекемелер жана мектептер чектелген форматта иш алып барууда. COVID-19 пандемиясынын учурунда салттуу окуу процессинин балдардын ден-соолугуна тийгизген таасирин талдоосуз, мекемелердин ишин толук кандуу жандандыруу тууралуу айта албайбыз», - деп белгиледи Артем Новиков жана төмөнкү тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө Бишкек шаарынын мектепке чейинки мекемелеринде жана мектептеринде офлайн режимде окуп жаткан балдарды тийиштүү симптомдор байкалган учурда коронавирус инфекциясына ПЧР-анализ жүргүзүү менен медициналык кароодон өткөрүүсү зарыл. Мындан тышкары, курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмония менен ооругандарды күнүмдүк эсепке алуу менен, 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерде балдарды сасык тумоого каршы вакцина менен ыктыярдуу түрдө вакцинациялоо жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар берилди. Мында өзгөчө көңүлдү калк арасында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана COVID-19 жана пневмониянын симптомдору байкалган учурда медициналык кызматкерлерге өз учурунда кайрылуу маселеси боюнча маалыматтык ишти жүргүзүүгө буруу керек.

Биринчи вице-премьер-министр жыйынтыктагандай, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана мектептерде профилактикалык кароолор тутумдуу негизде жүргүзүлүшү керек. Натыйжада, келерки жумадан тарта аталган практика ар бир билим берүү мекемесинде медициналык персоналдын кезметин уюштуруу менен ишке киргизилиши тийиш.

Пикир

Оставить комментарий