• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков: Балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жок. Бул туурасында КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Адамдын ден-соолугунун сактыгынын 50%ы анын кыймыл активдүүлүгүнөн көз-каранды. Массалык жана балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү маселеси четте калууда. Статистика көрсөткөндөй, 2016-жылдан тарта спорттук объектилердин (короолордогу жана парк аймагындагы спорт аянтчалары, футбол талаалары, бассейндер, лыжа базалары, ден-соолук чыңдоочу комплекстер) саны бир нече эсеге кыскарган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ушунча жылдан бери спорттун массалык түрүн өнүктүрүү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча кандай иштерди алып барып жаткандыгы түшүнүксүз», - деп белгиледи Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр кошумчалагандай, иштелип жаткан программа жана долбоорлордун көпчүлүгү иштебейт.

«Мисалга, Өкмөттүн «2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы спорт» программасынын биринчи пункту катары тегиз аянттарды куруу милдети коюлган жана анда каржылоо булагы да көрсөтүлгөн. Биздин чечимдер кагазда гана калып, ишке ашырылбай жаткандай туюлат. Ошол эле учурда эмне себептен спорт аянтчасы курула турган жерде көп кабаттуу үйлөр курулуп калат деп таң калабыз. Жылдар өтүп, ал жер кароосуз калат, ал эми курулуш компаниялары өз аракетин баштайт. Жалпыга жеткиликтүү спорт аянттарынын жоктугунан жарандар каражат төлөп, жеке аянттарда спорт менен машыгууга аргасыз болууда. Спортко кошумча каражат таппагандар физикалык активдүүлүк тууралуу ойлонууга мүмкүндүгү жок калат. Бүгүнкү күндө спорт – бул коммерциялык түшүнүк. Мурда мунун баары жеткиликтүү болсо, эми аны акча аркылуу чечебиз. Мындай абалда калктын дене-тарбиялык даярдыгы тууралуу сөз кылууга мүмкүн эмес», - деп белгиледи ал.

Кеңешменин жйынтыгы боюнча 2021-жылдын март айынын соңуна чейин төмөндөгүлөрдү аткаруу тапшырылды:

- бардык спорт аянттарын жана залдарды инвентаризациядан өткөрүү, спорт объектилерин куруу жана ремонттоо зарыл болгон объектилердин тизимин даярдоо;

- балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында сунуштарды киргизүү;

- 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте мектеп спортун өнүктүрүү боюнча «Мектеп лигасы» биргелешкен долбоорун ишке киргизүүсү;

- спортту өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча ишти активдештирүү;

- 2021-жылдын март айынын соңуна чейин балдардын машыгуусу үчүн мектептердин жана мамлекеттик агенттиктин машыктыруучулары менен өз-ара аракеттешүүнү калыбына келтирүү механизмин даярдап чыгуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик, же муниципалдык менчиктеги спорттук обьектилерге карай балдардын акысыз түрдө жеткиликтүүлүгүн камсыздоосу.

Пикир

Оставить комментарий