• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новиков Балыкчыдагы «Агро Куш» канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы «Агро Куш» канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ишкананын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган.

Канаттуулар фабрикасы өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыйт, анда инкубатор, тоокторду багуу жана тоок эттерин муздатылган түрдө даярдоо каралган.

Ишкана жылына 4,6 млн бройлер-тоокту өндүрүүгө жана 12,5 миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

Өкмөт башчынын м.а. белгилегендей, канаттуулар фабрикасынын толук кандуу иштеши ички рыноктун тоок этине болгон муктаждыктын 30%га жабат, ошондой эле импорттолуучу канаттуулардын эти азайып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында ушул жылдын 24-декабрынан баштап Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан каржылоону калыбына келтирүү боюнча маселе чечилип, тиешелүү график түзүлдү. Каржылоо башталса ишкананы 2021-жылдын 15-январында ишке киргизүү пландаштырылды, ал эми продукциялар дүкөндөрдүн текчелерине 2021-жылдын апрель айларында коюлат.

Иш сапардын жүрүшүндө канаттуулар фабрикасынын жетекчилери өндүрүштү кеңейтүүнүн мындан аркы пландары жөнүндө айтып беришти.

Жергиликтүү бийлик органдарына кошумча жер тилкесин бөлүү маселесин иштеп чыгуу, ал эми Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна өндүрүштү өнүктүрүүнүн кийинки фазаларын каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий