• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новиков: Бир жумада автономерлерди фиксациялоо камералары бардык бекеттерде ишке киргизилет

Өкмөт 0

Бишкек, 08.01.21. /Кабар/. Бир жума ичинде автономерлерди фиксациялоо камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилип, «Бириккен пост» тутумуна интеграцияланат. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Чон Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Түндүк» мамлекеттик ишканасына тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бир жума ичинде республиканын аймагындагы бардык өткөрүү пункттарында автономерлерди фиксациялоо камераларын ишке киргизүү маселесин чечүү тапшырмасы берилди. Бул жүк ташуучу унаа транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет. Биздин аймагыбызга киргизилип жаткан ар бир товардын бирдиги эсепке алынмайынча, аткезчилик менен натыйжалуу күрөш болбойт», - деди ал.

Көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагын кыдырып чыккан соң, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу айрым кызматтардын ишине сын-пикирин билдирди.

«Мен чек ара кызматынын маалыматы салык кызматынын маалыматынан айырмаланып чыгып жаткандыгына таң калган жерим жок. Жүк ташуучу транспорт салык кызматкерлерине жетпей калат, анткени мында кеңири өтүүчү жол бар. Жаңы эле биздин унаанын алдында бензовоз салык текшерүүсүнөн кыйгап өттү. Ушул жерге жүк ташуучу транспорт үчүн тыюу салуучу белги коюп, номерлерди эсепке алуу тутумун орнотуп койсо эмнеге болбосун. Жүк ташуучу унаалар биздин посттордон кыйгап өтүп, биз ага эч кандай көңүл бурбасак, биздин кылып жаткан ишибиздин эч кандай натыйжасы болбойт», - деп белгиледи өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артем Новиков кыска мөөнөттө автономерлерди фиксациялоо тутумун орнотуп, өтүүчү жолдун жазылыгын кыскартып, «Бириккен постту» кыйгап өтпөшү үчүн жүк ташуучу транспортко тыюу салуучу жол белгисин орнотууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий