• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Новиков чектеш облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин жыйынына катышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеге кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Жыйын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүү маселелери талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий