• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новиков ЕЭК кеңешинин вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун катышуусунда Евразия экономикалык комиссия кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференцбайланыш режиминде өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган жыйын өзгөчө маанимге ээ, анткени ал Алматы шаарында 2021-жылдын 5-февралында өтүүчү премьер-министрлер деңгээлиндеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына карата өтүүдө.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар Евразия экономикалык бирлигиндеги атайы, коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмин өркүндөтүү боюнча кадамдарды, Евразиялык экономикалык бирликтеги идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо тутумун базалык технологиялык уюштуруу модели тууралуу маселени талкуулады.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ЕЭК кеңешинин бир катар чечимдери, анын ичинде фторид алюминий жана фторид кальцийге карата алып кирүүчү бажы алымдарынын ченин орнотуу жана өзгөртүү, «Энергия пайдалануучу жабдыктардын энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө» техрегламенттин күчүнө кирүү мөөнөтүн бир жылга жылдыруу боюнча жана башка доккументтер жактырылды.

Кезектеги жыйын күн тартибинин жыштыгына байланыштуу 2021-жылдын 8-февралына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий