• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков: Экологиялык коопсуздукту экинчи орундагы милдет катары кароого болбойт

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«2021-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Жарлыкка кол коюлган. Жарлыкта экологиялык абалды, таштандыларды кайра иштетүүнү жакшыртуу, бак-дарактардын аянтын жогорулатуу, уран кендерине байланыштуу маселелерди чечүү боюнча механизмдер жана принциптер жазылган. Мындан тышкары, документте өлкөнүн бардык аймактарындагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү пландарды даярдоо жөнүндө айтылат. Мамлекеттик органдар 20-апрелге карата каржылоо булактарын жана аны ишке ашыруу механизмдерин аныктоо менен Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин конкреттүү планын киргизүүсү тийиш. Буга байланыштуу экологиялык коопсуздукту экинчи орундагы милдет катары кароого болбойт», - деди Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле кыш мезгилиндеги каптаган ышка байланыштуу ар жылкы көйгөйдү эске салды.

«Кышкысын Бишкек шаарын кандай ыш каптаары эсиңиздерде болсо керек. Мындай абал жылдан-жылга кайталанууда жана аны биз кышкысын гана эстейбиз. 2021-жылдын январь айында борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу боюнча жакынкы үч жылга Өкмөттүн Иш-аракеттер планы бекитилген. Коомдук уюмдар жана эко-активисттер менен кошумча консультациялардан соң биз тийиштүү иш-аракеттер планын толуктап иштеп чыгууну жана бир катар маанилүү милдеттерди ишке ашырууну макулдаштык. 1-апрелге карата план бекитилип, ал ишке ашырыла башташы керек», - деп белгиледи ал.

Кеңешме жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков белгилегендей, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы таштанды аянты толугу менен жабылып, көчүрүлүп, 35 га аянттагы жер рекультивацияланышы керек.

Мындан тышкары, Боз-Бөлтөк аймагында аянты 60 га келген паркты жана этно-комплексти уюштуруу боюнча даярдык иштери башталышы тийиш. Ошондой эле планда жаңы конуштарды газдаштыруу, отказандарды газга өткөрүү, экологиялык принциптерди эске алуу менен курулуш ченемдерин жана эрежелерин жөнгө салуу боюнча чаралар каралган.

Пикир

Оставить комментарий