• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков «Эркечтам» бекети аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Артем Новиков белгилегендей, жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесстери автоматташтырылышы керек жана контактсыз негизде жүрүшү керек деп белгиледи.

«Жүк декларациясын толтурууда адам фактору толугу менен алынып салынышы керек. Бул мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат», - деди Артём Новиков.

Ошондой эле салмак габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер дагы белгиленди.

«Учурда маалыматтык тутумдун ар бир тутуму автономдуу иш алып барып, бирдиктүү концепция жок. Жүктүн декларациясына кол менен түзөтүү киргизүүсүз маалыматтардын электрондук базасы түзүлүшү керек, ал тутум милдеттүү түрдө салмак көзөмөл жана инспекциялык-текшерүү комплексине тутумдаштырылышы зарыл. Мамлекеттик чек ара аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн фиксациялаган камераларды орнотуу жетишсиз, алынган маалыматтарды талдоочу, маалыматтардагы айырмачылыктарды жана тобокелдиктерди көрсөтүүчү платформа керек», - деп белгиледи Артем Новиков.

Соңунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга өзүнө бардык келип түшкөн маалыматтарды тобокелдиктерди башкарууну натыйжалуу талдоо тутуму жана коррупцияга каршы чаралары менен иштеп чыгууну камтыган товарлардын кыймылын эсепке алууну автоматташтыруунун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий