• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Новиков Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Подгузов менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келген Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тараптар Кыргыз Республикасы жана Евразия өнүктүрүү банкы ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

«Мен эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычтамын. Кыргыз Республикасына салым кылынуучу ЕАӨБ портфелин жогорулатуу жана экономика тармактарын кеңири камтуу зарылдыгы келип жеткендиги айкын. Бүгүнкү күндө финансылык институттун портфели болжол менен 70 млн АКШ долларын түзөт жана көбүнэсе финансылык сектордогу долбоорлорго басым жасалган. Биз Евразия экономикалык бирлигинин аймагындагы интеграциялык долбоорлорду ишке ашырууну тереңдетүүгө умтулуубуз керек. Сиздерге белгилүү болгондой, биз тараптан Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ЕАЭБ толук кандуу институттары катары ишмердүүлүгүнүн мандатын кеңейтүү боюнча долбоор демилгеленген. Биз бул маселелерди биргеликте, тутумдуу чечүүгө даярбыз. Сиздин бүгүнкү сапарыңыз өлкөбүздүн аймагындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлорду кеңейтүүгө дем берет деп ишенем», - деди Артем Новиков.

Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов өз кезегинде финансылык институттун Кыргыз Республикасы менен кызматташуусун кеңейтүүгө карай каалоосун белгиледи.

«Мен үчүн өлкө президентинин инаугурациясы күнү Бишкек шаарында болуу – сыймык. Өлкө жаңы президент менен биргеликте экономикалык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгаарына жана Евразия өнүктүрүү банкы мында маанилүү роль ойной тургандыгына ишеним билдирем. Келечекте биз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн келечектүү жаңы долбоорлордун ишке кирүүсүн тездетебиз деп эсептейм», - деп белгиледи Николай Подгузов.

Тараптар финансы институту тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылып жаткан инвестициялык жана гранттык долбоорлор алкагындагы эки тараптуу кызматташтыкка жогору баа берди, ошондой эле орто мөөнөттүү жана мындан аркы өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий