• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Новиков: Үй-бүлөлүк зомбулук фактысын актоого жол жок

Өкмөт 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Айзада аттуу жаш кыздын кайгылуу окуясы эч кимди кошкөңүл калтырган жок. Тилекке каршы, бул окуя жалгыз эмес. Акыркы мезгилде жаңылыктардан мектеп окуучулары ортосундагы мушташ, жашы жете электерди зордуктоо, үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон аялдар, балдар ичиндеги жанын кыйгандар тууралуу окуп жатабыз. Бул жаңылыктар согуштагы маалыматтарды элестетет. Бүгүн биз үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын кыскартуу боюнча иштиктүү аракеттердин жыйынтыгын кабыл алып, өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлордун мектептер, социалдык кызматкерлер жана ЖӨБ органдары менен тигил, же бул кырдаалга ыкчам жооп кайтаруусу үчүн өз-ара аракеттешүү механизмин иштеп чыгуубуз керек. Ала качуу окуяларын адам уурдоо катары кабылданышы үчүн мыйзамды катаалдаштыруу зарыл. Кылмыштардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну күчөтүп, административдик камоолордун мөөнөтүн жогорулатып, ошондой эле балдарга убактылуу камкордук көрүүнү расмий тариздөөсүз 30 күндөн ащуун мөөнөткө жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу керек», - деп белгиледи Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, көптөгөн стратегия, концепция, пландар кагаз жүзүндө калып, ишке ашырылбай жатат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова маалымдагандай, өткөрүлгөн талдоолор көрсөткөндөй, суицидге аяр катмардагы үй-бүлөнүн балдары гана эмес, кадимки үй-бүлөдөгү балдар да барууда. Ата-эне балдары менен тил табышпаган учурларда кырсык болгон окуялар көп кездешет.

Тактап айтканда, 2020-жылы балдар арасында 98 суицид болсо, 2019-жылы жашы жете электер арасында мындай 48 факт катталган. 2021-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 1463 окуясы катталган жана балдарга карата зомбулук жана катаал мамиле боюнча 129 окуя катталган.

«Бүгүн коомдо болуп жаткан таш боордукту көрүп жаткан балдар келечекте кандай адам болуп жетилет. Биздин негизги милдет – мындай фактыларга орун бербей, зомбулукту жоюу. Биз кыйын кырдалда калган балдарга колдоо көрсөтүп, аларды сабактан тышкаркы кызыктырган машыгуулар менен камсыздообуз керек. Тийиштүү ммлекеттик органдар депутаттык корпус менен биргеликте зомбулукка дуушар болгон аялдар жана балдардын укугун коргоо жаатында мыйзамды катаалдатуу маселесин иштеп чыгуусу керек. Биз бул фактылар боюнча тараптардын элдешүүсү артында жоопкерчиликтен качуу практикасынан кайтуубуз зарыл. Мындан тышкары, «Коопсуз шаар» камералары боюнча адамдарды уурдоого карата жооп кайтаруу алгоритмин иштеп чыгуу керек, анда патрулдук милиция бюроктратияны кыскартуу менен мындай окуяларга ыкчам жооп кайтаруусу тийиш. Тийиштүү чечим кыска мөөнөттө киргизилиши тийиш», - деп жыйынтыктады биринчи вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий