• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков: «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясы кагаз жүзүндө калбашы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Талкуунун жүрүшүндө Артем Новиков белгилегендей, концепциянын долбоору толукталып иштелип чыгышы керек, анда көрсөтүлгөн бардык иш-чараларды жүзөгө ашырууга басым жасалышы керек.

«Концепцияда бала бакчадан тарта адамдын бүтүндөй жашоосун камтыган руханий багыттамалар тутумун түзүүгө арналган көлөмдүү улуттук милдеттер каралышы тийиш. Концепциянын бардык компоненттери теориялык жоболорду гана эмес, практикалык сунуштамаларды да камтышы керек», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, Концепция кагаз жүзүндө калбастан, иш жүзүндө коомдук адеп-ахлакка, жарандык аң-сезимге, адамдын адамга карата мамилесине оңдуу таасирин тийгизиши керек.

Талкуу жыйынтыгы боюнча концепциянын долбоорун толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды, мында анын эксперттик колдоосун жана потенциалын кеңейтүү, ошондой эле кеңири коомдук талкууга алынышы эске алынышы зарыл.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюлган Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоорун иштеп чыгуусу жана коомчулуктун кароосуна киргизүүсү тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий