• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков: Инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт. Бул тууралуу КР премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Кыргыз Республиканын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республиканын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан КР Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

«2021-жылдын башында суммасы 142 млн АКШ долларына эсептелген 6 ири инвестициялык долбоорду баштоону пландап жатабыз. Алар ийгиликтүү жүзөгө ашса, 2380 жаңы жумуш оруну түзүлөт. Бул долбоорлордун катарында – Талас облусундагы алтын казуучу ишкананын ишке киргизилиши турат. «Альянс-Алтын» компаниясы быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландаштырган. Бирок акыркы окуяларга байланыштуу пландар өзгөрүлүп, ишке киргизүүнү 2021-жылга жылдырууга туура келди. Аталган ишкананын толук кандуу ишке кириши менен 1000 жаңы жумуш орду түзүлөт», - деп белгиледи Артем Новиков.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча – 100 млн АКШ долларлык, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча долбоорлор да ишке берүү алдында турат.

Буга катар премьер-министрдин м.а. белгилегендей, учурда жергиликтүү ири бизнес өкүлдөрү менен ички жана тышкы инвестицияларды биргелешип тартуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

«Алдыга коюлган пландарды ийгиликтүү ишке ашырууда эмгек рыногунда оңдуу көрсөткүчтөр жаралып, өлкөдөгү жумушсуздук жана жумушчу күчүнүн агылып кетүү көйгөйү чечилет», - деди Артем Новиков.

Пикир

Оставить комментарий