• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новиков Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Коом 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган жетекчи Асель Чынбаеваны тааныштырды.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Артем Новиков өз сөзүндө Асель Чынбаеваны кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Новиков өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Юстиция министрлиги ченем жаратуу, эксперттик иште гана ыйгарым укутарга ээ болгон ведомство катары эмес, мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын өз ара аракеттенүү саясатын түзө турган кенен ыйгарым укуктарга ээ болгон негизги борбордук орган болот деп белгиледи.

Юстиция министри Асель Чынбаева биринчи вице-премьер-министрге ыраазычылык билдирип, өлкө башчысы тарабынан мамлекеттик башкарууга реформа жүргүзүү боюнча бир катар милдеттер коюлганын белгиледи. Ушуга байланыштуу Чынбаева министрликтин кызматкерлерин алдыдагы боло турчу реформалардын негизинде бирдиктүү ишке чакырды.

Пикир

Оставить комментарий