• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков Кадамжайдагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасына гуманитардык көмөк берүү алкагында курулуп жаткан медициналык мекеменин имараты жыйынтыкталуу алдында турат. Эки корпустан турган, 214 койка-орунга ылайыкталган оорукана 5-7 күн ичинде пайдаланылууга берилмекчи.

Курулуп жаткан имаратты көрүп чыккан соң, Артем Новиков курулуш иштерин ыкчамдатууну белгиледи. Буга катар Премьер-министрдин м.а. курулушта бардык нормалардын сакталышын жана куруучуларга тийиштүү иштөө шартын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилесек, Өзбекстан Республикасы тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда.

Пикир

Оставить комментарий