• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Новиков креативдүү экономиканын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. 14-декабрь күнү премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Артем Новиковдун Кыргызстандын креативдүү экономикасынын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошондой эле жолугушууга жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев катышты.

«Сиздер менен ачык сүйлөшүүнү кааладык. Азыркы абалды, сиздердин каалооңуздар, үмүттөрүңүздөр, өлкөнүн өнүгүшүн кандай нукта көрөсүздөр, булардын баарын талкуулоого мүмкүнчүлүк берген жолугушууга абдан даярдандык. Бул аянтча – алдыда жасай турган өзгөрүүлөрдүн катализаторы боло алат. Жаштар, дегеле баарыбыз өзгөрүүлөрдү күтүп жатабыз. Биздин милдет ал өзгөрүүлөрдү сиздердин сунуштарыңызды эске алып, активдүү позицияңыздар жана колдооңуздар менен ишке ашыруу», – деди А. Новиков.

Ал ыктыярчыларга, өлкөнүн жаштарына коронавирустук инфекциянын пандемиясы учурунда көрсөткөн активдүү жарандык позициялары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ololo» компанияларынын тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев өзүнүн презентациясында дүйнөдө жана Кыргызстанда креативдүү экономиканын келечеги, мамлекеттик институттардын креативдүү экономиканы өнүктүрүүдөгү ролу, кесиптерди роботтоштуруу жана анын кыргызстандыктар үчүн ачкан мүмкүнчүлүктөрү, Кыргызстандан чыккан IT-стартаптар тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун катышуучулары үчүн «Ololo» коворкинг-борбору боюнча экскурсия уюштурулду.

Белгилей кетсек, иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий