• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Новиков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жамаатына жетекчини тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков борбордук аппараттын жамаатына жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Артем Новиков белгилегендей, министрлик алдында ишмердүүлүктүн маанилүү багыттары турат.

«Коронавирус инфекциясынын пандемиясына карабастан, биз театрлардын, кинотеатрлардын, спорттук мекемелердин, айрым маданий объектилердин ишин жандандыра алдык. Үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну, Олимпиадалык оюндар сыяктуу бир катар маанилүү иш-чаралар пландаштырылган, аларга карата сапаттуу даярдык иштерин өткөрүү зарыл. Биз маданий өнүгүү, өсүп келе жаткан муундун рухий жан дүйнөсүн байытуу жана нравалык тарбия берүү маселесине өзгөчө басым жасашыбыз зарыл. Сиздерге маалым болгондой, өлкө башчысы тарабынан «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» алгачкы Жарлыгына кол коюлган. Буга байланыштуу сиздердин министрликке өзгөчө милдет жүктөлөт жана тез арада Президент жана Премьер-министр тарабынан айтылган тапшырмаларды ишке ашырууга багыт алууну өтүнөм», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий